Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө алдатып ийбөө, жеңилип калбай өз укугун, өз намысын талашып теңтайлашкандай кудурети болуу. Осмонго жемиңди жедирчү болсоң, тилиңди бууйбуз (Осмоналиев). Жамийла да бирөөгө жемин жегизбеген өжөр, айтышканы менен айтыша турган (Айтматов). Неткен менен бири-бирине жемин жедире койчу да эмес (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башка бирөөгө акысын кетирбөө, оңой эле жеңилип калбай өз укугун, өз намысын талашып теңтайлашуу, кем калышпоо. Жамийла да бирөөгө жемин жедирбейт, айтышканы менен айтыша турган (Айтматов). Андай учурда Жылдызкан жемин жедирмек беле (Байтемиров). Балдарынын кичүүсү Мамат кишиге жемин жедирбей турган азамат болот го деп үмүттөнөт (Каимов). Осмонго жемиңди жедирчү болсоң, тилиңди бууйбуз (Осмоналиев). Неткен менен бири-бирине жемин жедире койчу да эмес (Өмүрбаев).